Онлайн кайрылуу

2026-жылдын 26–28-январь күндөрү Стамбул шаарында коомдук жана жеке коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине арналган «Коопсуз Түркия — коопсуз дүйнө» аттуу эл аралык форум болуп өттү.

Аталган форумга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын ВМ полкунун батальон командири, милициянын майору Дооронбеков Замир Маратович катышты. Иш-чаранын алкагында катышуучулар Түркия Республикасынын коопсуздук тармагындагы ишмердүүлүгү, анын ичинде санариптик жеке күзөт кызматтарынын заманбап ыкмалары жана иш алып баруу тажрыйбалары менен таанышты. Айрыкча санариптик технологияларды киргизүү, күзөт ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн бул эл аралык форумга катышуусу кесиптик кызматташтыкты чыңдоого, практикалык тажрыйба алмашууга жана коопсуздук жаатындагы инновациялык чечимдерди изилдөөгө өбөлгө түздү. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Жаңылыктар

News image

UNC

News image

NULL

News image

LONG

News image

2026-жылдын 26–28-январь күндөрү Стамбул шаарында коомдук жана жеке коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине арналган «Коопсуз Түркия — коопсуз дүйнө» аттуу эл аралык форум болуп өттү.

Дареги : Бишкек шаары, Киев көчөсү 58 996702660805, 0312660805 so_mvd_kr@mail.ru
. 2026 © Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт Кызматы