Онлайн кайрылуу

Күзөт кызматынын бөлүмдөрүнүн арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары чыгарылды

Коомдук тартипти камсыз кылуу, жарандардын коопсуздугун коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын мыкты бөлүмдөрүн жана кызматкерлерин аныктоо боюнча жылдык сынактын жыйынтыктары чыгарылды. 2025-жылдын 12 айындагы кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча, оперативдик-кызматтык иштин бардык көрсөткүчтөрүн комплекстүү баалоону эске алуу менен төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйланды: «Мыкты күзөт бөлүмү», «Мыкты күзөт бөлүкчөсү», «Кесиптин мыктысы», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын «Мыкты ардагерлер кеңеши». Сынакты өткөрүү кызматтык милдеттерди ак ниеттүү жана натыйжалуу аткарууга түрткү берүү, кызматтык тартипти бекемдөө, коомдук тартипти камсыз кылуунун сапатын жана жарандардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле ички иштер органдарынын коомдогу аброюн көтөрүү максатын көздөйт. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Жаңылыктар

News image

UNC

News image

NULL

News image

LONG

News image

2026-жылдын 26–28-январь күндөрү Стамбул шаарында коомдук жана жеке коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине арналган «Коопсуз Түркия — коопсуз дүйнө» аттуу эл аралык форум болуп өттү.

Дареги : Бишкек шаары, Киев көчөсү 58 996702660805, 0312660805 so_mvd_kr@mail.ru
. 2026 © Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт Кызматы