Онлайн кайрылуу

Жаштарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн ички иштер органдарынын ардагери сыйланды

2026-жылдын 14-январында коомдук ишмердүүлүктөгү активдүүлүгү жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ыраазычылык каты менен Жайыл районунун Күзөт бөлүмүнүн Ардагерлер кеңешинин төрагасы Сабыргожоев Акынбай Мамбетович сыйланды. Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тутумундагы ардагерлер уюмдарынын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Салтанатка Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сейитов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын башчысы, милициянын полковниги Нуржан Адылова, Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелс Белеков, ошондой эле ардагерлер уюмдарынын жана ИИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Акынбай Мамбетович көп жылдар бою коомдук жашоого активдүү катышып келгени, жаштарды патриоттук духта тарбиялоо боюнча системалуу иш алып барганы, ошондой эле жаш кызматкерлерге жана өсүп келе жаткан муунга кесиптик жана турмуштук тажрыйбасын бөлүшүп келгени белгиленди. Жолугушуунун катышуучулары ардагерлер уюмдарынын муундардын ортосундагы мурастуулукту чыңдоодогу, жаштардын жарандык жоопкерчилигин жана мыйзамга болгон урмат-сыйын калыптандыруудагы маанилүү ролун өзгөчө белгилешти. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Жаңылыктар

News image

UNC

News image

NULL

News image

LONG

News image

2026-жылдын 26–28-январь күндөрү Стамбул шаарында коомдук жана жеке коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине арналган «Коопсуз Түркия — коопсуз дүйнө» аттуу эл аралык форум болуп өттү.

Дареги : Бишкек шаары, Киев көчөсү 58 996702660805, 0312660805 so_mvd_kr@mail.ru
. 2026 © Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт Кызматы