Онлайн кайрылуу

Милициянын полковниги Элина Урматова ардактуу эс алууга чыкты

Ички иштер органдарында 27 жыл бою кынтыксыз кызмат өтөгөн милициянын полковниги Элина Урматова ардактуу эс алууга салтанаттуу түрдө узатылды. Элина Урматова Кыргыз Республикасынын ички иштер системасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, эмгек жолунун бардык баскычтарында жогорку кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун жана кызматтык милдетине берилгендигин көрсөттү. 2000–2025-жылдар аралыгында ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Кадрлар жана кесиптик даярдык башкармалыгында кызмат өтөп, тиешелүү кызмат ордун ээлеген. Кызмат жылдарында өзүн компетенттүү адис катары көрсөтүп, ведомствонун кадрдык потенциалын чыңдоого зор салым кошкон. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчисинин орун басарлары, ошондой эле Күзөт кызматынын борбордук аппаратынын өздүк курамы катышты. Элина Урматованын дарегине көп жылдык ак ниет кызматы, жогорку кесипкөйлүгү жана ички иштер органдарынын өнүгүшүнө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык сөздөрү айтылды. Жетекчилик жана кесиптештери Элина Урматовага бекем ден соолук, бакубат жашоо жана мындан аркы турмушунда ийгиликтерди каалашты. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Жаңылыктар

News image

2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын борбордук аппаратында 2025-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүдүктүн жыйынтыктары чыгарылды

News image

Күзөт кызматынын бөлүмдөрүнүн арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары чыгарылды

News image

Жаштарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн ички иштер органдарынын ардагери сыйланды

News image

Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы бирдей

Дареги : Бишкек шаары, Киев көчөсү 58 996702660805, 0312660805 so_mvd_kr@mail.ru
. 2026 © Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт Кызматы