Онлайн кайрылуу

Күзөт кызматында бош убакытта кызмат өтөө буйругу жокко чыгарылды

2025-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитовдун төрагалыгы алдында аппараттык кеңешме болуп өттү. Кеңешменин жүрүшүндө кайтарууда турган мекеме-чарбалардын жана жарандардын жеке турак жайларынын коопсуздугун камсыз кылуу, уурулукка жана мыйзамсыз кирип кетүүгө жол бербөө маселелери талкууланды. Ошондой эле жарандардын коопсуз жашоосун камсыз кылуу жана кызматтык милдеттерди жоопкерчилик менен так аткаруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү тапшырмасы коюлду. 2025-жылдын жыйынтыгын ийгиликтүү чыгаруу максатында Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн күчөтүү, бөлүмдөр жана бөлүмчөлөр боюнча терс көрсөткүчтөрдү жоюу боюнча иштерди толук кандуу жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, жарандардын батирлерин, турак жайларын, мекеме-чарбаларды жана объекттерди кайтарууга алуу иштери мындан ары да активдүү улантылары айтылды. Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2025-жылдын 16-декабрындагы №892 «Буйрукту жокко чыгаруу жөнүндө» буйругуна ылайык, ИИМдин 2021-жылдын 21-сентябрындагы №666 буйругу жокко чыгарылгандыгы маалымдалды. Ага байланыштуу, аталган буйруктун негизинде Күзөт кызматы тарабынан кайтарууда турган мекеме-чарбаларды негизги кызматка өткөрүү иштери 2026-жылдын 1-февралына чейин толук аякталышы керектиги белгиленди. Ошондой эле мекеме-чарба ээлерине жана өздүк курамга жетекчилер тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Мындан сырткары, Күзөт кызматынын өздүк курамы арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту чыңдоо, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү маданиятын сактоо, жарандар менен сылык мамиледе болуу, форма кийүү эрежелерин так аткаруу талаптары коюлду. Кызмат учурунда жана автоунаа башкарууда спирт ичимдиктерин жана наркотикалык заттарды колдонууга жол берилбеши, ок атуучу куралдарга жана атайын каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле кылуу, жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу, ошондой эле паракорчулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды күчөтүү милдеттендирилди. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Жаңылыктар

News image

2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын борбордук аппаратында 2025-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүдүктүн жыйынтыктары чыгарылды

News image

Күзөт кызматынын бөлүмдөрүнүн арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары чыгарылды

News image

Жаштарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн ички иштер органдарынын ардагери сыйланды

News image

Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы бирдей

Дареги : Бишкек шаары, Киев көчөсү 58 996702660805, 0312660805 so_mvd_kr@mail.ru
. 2026 © Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт Кызматы