Күзөт кызматынын бардык бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Күзөт кызматынын бардык бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кызматкерлерге төмөнкү негизги тапшырмалар коюлду: • шайлоо аймактарда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо; • мыйзам бузуу фактылары боюнча ыкчам чара көрүү; • шайлоо жараянынын мыйзам чегинде өтүшүн көзөмөлдөө; • шайлоо маалында жарандардын укуктарын коргоо жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу. Күзөт кызматы республика боюнча бекитилген аймактарында кызмат өтөп, шайлоо процессинин тынч жана үзгүлтүксүз өтүшүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурууда. Шайлоого катышкан жарандарыбызды тартипти сактоого жана Мыйзамдын талаптарын урматтоого чакырабыз. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы
30-11-2025 12:33
Жаңылыктар
2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын борбордук аппаратында 2025-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүдүктүн жыйынтыктары чыгарылды
17-01-2026 13:23
Күзөт кызматынын бөлүмдөрүнүн арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары чыгарылды
16-01-2026 19:29
Жаштарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн ички иштер органдарынын ардагери сыйланды
15-01-2026 18:52
Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы бирдей
25-12-2025 18:08