Онлайн кайрылуу

Күзөт кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулду

2025-жылдын 24- ноябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын 2025-жылдын 10 айындагы ыкчам-кызматтык жана уюштуруу-башкаруучулук ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитов, анын орун басарлары жана республиканын бардык аймактарындагы бөлүм жана бөлүмчөлөрдүн башчылары катышты. Жыйындын жүрүшүндө Күзөт кызматынын 2025-жылдын 10 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, аткарылган иштер боюнча кеңири талкуу жүрдү. Анда, түзүм бөлүмдөрдүн милиция менен өз ара аракеттенүүсү, жарандардын батирлери менен жеке турак жайларын кайтарууга алуу, ошондой эле кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзам бузуу фактыларын алдын алуу боюнча иштерге өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы тарабынан мыйзам бузууга жол бербөө жана аларды алдын алуу чаралары талкууланды. Ошондой эле , Ысык-Көл райондук Күзөт бөлүмүнүн кызматкери Ш.Э.К ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, бир катар кызматкерлерге каттуу сөгүш тартиптик жазасы жарыяланды. «Ар бир жетекчи өз кызматкерлеринен мыйзамдуулукту так сактоону жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда жогорку жоопкерчилик көрсөтүүнү талап кылууга тийиш!» – деди башчы. Кеңешменин жүрүшүндө, 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча ар бир фактыга ыкчам чара көрүү боюнча бир катар тапшырмалар коюлду. Кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү тапшырмалар берилип, аларды аткаруу мөөнөттөрү так көрсөтүлдү. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Жаңылыктар

News image

Күзөт кызматынын бардык бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

News image

Күзөт кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулду

News image

Күзөт кызматы жарандардын жана бизнес структураларынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды жана ишенимдүү механизмдерди колдонуп, өз кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнү улантууда

News image

Күзөт кызматынын Республика боюнча бардык түзүм бөлүмдөрүндө өздүк курамды кышкы формага өткөрүү боюнча саптык кароолор уюштурулду

Дареги : Бишкек шаары, Киев көчөсү 58 996702660805, 0312660805 so_mvd_kr@mail.ru
. 2025 © Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт Кызматы