Күзөт кызматы жарандардын жана бизнес структураларынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды жана ишенимдүү механизмдерди колдонуп, өз кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнү улантууда
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана мүлктү коргоодо ишенимдүү өнөктөш болуп келүүчү мамлекеттик структура катары төмөнкү кызматтарды көрсөтөт: • Милиция кызматкери аркылуу кайтаруу Квалификациясы жогору, атайын даярдыктан өткөн милиция кызматкерлери объектилерди жана аймактарды физикалык кайтаруу менен коркунучтуу жагдайларды алдын алып, тартипти камсыздашат. • Дүрбөлөң баскычы аркылуу кайтаруу Өзгөчө кырдаалдарда жарандарды коргоо максатында ыкчам билдирүүчү атайын баскыч колдонулат. Сигнал түшкөн учурда күжүрмөн даярдыктагы кармоо тобу кырдаалга тез арада чыгат. • Борборлоштурулган көзөмөл түйүнү аркылуу кайтаруу Коопсуздук системаларынан келген маалыматтар 24/7 режиминде көзөмөлгө алынып, автоматташтырылган борбордон анализделет. Эч кандай сигнал көз жаздымда калбайт, зарыл чаралар дароо көрүлөт. • Юридикалык жана жеке жактарды, баалуу жүктөрдү жана акча каражаттарды куралдуу коштоо Баалуу жүктөрдү, документтерди, акча каражаттарын жана адамдарды коопсуз ташуу үчүн атайын даярдыктагы куралдуу кызматкерлердин коштоосу уюштурулат. • Жарандардын турак жайларын борборлоштурулган көзөмөл түйүнү аркылуу кайтаруу Турак жайлардын коопсуздугуна багытталган системалар борбордон байкоого алынып, ар кандай шектүү кыймылдар же сигналдар боюнча ыкчам реакция жасалат. Күзөт кызматы жарандардын жана бизнес структураларынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды жана ишенимдүү механизмдерди колдонуп, өз кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнү улантууда. Кошумча маалымат алуу жана кызматтарды көрсөтүүгө байланышуу үчүн: ☎️ Нөөмөт бөлүмү 0312660805: 0702660805; 📞Техникалык бөлүм 0312660918: + 0550 507 658 📬 Электрондук почта: so_mvd_kr@mail.ru 📍 дареги : Киев көчөсү 58
18-11-2025 15:33
Жаңылыктар
Күзөт кызматынын бардык бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
30-11-2025 12:33
Күзөт кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулду
24-11-2025 18:16
Күзөт кызматы жарандардын жана бизнес структураларынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды жана ишенимдүү механизмдерди колдонуп, өз кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнү улантууда
18-11-2025 15:33
Күзөт кызматынын Республика боюнча бардык түзүм бөлүмдөрүндө өздүк курамды кышкы формага өткөрүү боюнча саптык кароолор уюштурулду
17-11-2025 13:27