Күзөт кызматынын Республика боюнча бардык түзүм бөлүмдөрүндө өздүк курамды кышкы формага өткөрүү боюнча саптык кароолор уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2025-жылдын 27-октябрындагы «ИИМдин өздүк курамын кышкы кийимге өткөрүү тууралуу» буйругунун аткарылышын камсыздоо максатында Күзөт кызматынын Республика боюнча бардык түзүм бөлүмдөрүндө өздүк курамды кышкы формага өткөрүү боюнча саптык кароолор уюштурулду. Аба ырайынын орточо температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу өткөрүлгөн саптык кароолордо кызматкерлердин кышкы форма менен камсыздалышы, форманын талапка ылайыктуулугу жана кызмат өтөөгө даярдык деңгээли текшерилди. Ошондой эле кызматтык тартиптин сакталышы, форма-кийимдин бирдиктүү үлгүсү жана кызматкерлердин кызмат өтөө шарттарына шайкештиги бааланды. Мындан тышкары, милиция кызматкерлерине үлгүлүү сырткы келбетти сактоо, кызматтык жүрүм-турумдун жогорку талаптарын аткаруу милдети өзгөчө белгиленди. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын жетекчилиги кызматтын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыздоо максатында кышкы шарттарда кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тиешелүү тапшырмаларды берип, кызматкерлердин даярдыгын жогорулатуу боюнча кошумча чараларды белгиледи. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы
17-11-2025 13:27
Жаңылыктар
Күзөт кызматынын бардык бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
30-11-2025 12:33
Күзөт кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулду
24-11-2025 18:16
Күзөт кызматы жарандардын жана бизнес структураларынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды жана ишенимдүү механизмдерди колдонуп, өз кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнү улантууда
18-11-2025 15:33
Күзөт кызматынын Республика боюнча бардык түзүм бөлүмдөрүндө өздүк курамды кышкы формага өткөрүү боюнча саптык кароолор уюштурулду
17-11-2025 13:27