Онлайн кайрылуу

Күзөт кызматы жүктөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында ташылып жаткан жүктөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды активдүү жүргүзүүдө. Күзөт кызматы мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объектилерин, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү келишимдик негизде куралдуу коргоого алууга укуктуу. Жүктөрдү ташуу маалында алардын коопсуздугун сактоо – кызматтын негизги багыттарынын бири. Өзгөчө Ош–Эркеш-Там жолунда жүк уурдоонун жана башка мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тынымсыз иш жүргүзүп, жолдордо коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөшүүдө. Кызматкерлер жүк ташууларга мүмкүн болгон коркунучтарды болтурбоого багытталган комплекстүү чараларды колдонууда. Ошондой эле, келишимдин талаптарына ылайык, жолдо бузулуп калган унаалардын жүктөрү да кызмат тарабынан коргоого алынат. Бул жүк ташуучуларга кошумча ишеним жаратып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыз кылат. Ички иштер министрлиги жарандардын жана уюмдардын мүлкүн коргоо боюнча иштерди мындан ары да улантып, өз ишинде жогорку кесипкөйлүктү сактоого умтуларын билдирет. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Жаңылыктар

News image

Күзөт кызматынын бардык бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

News image

Күзөт кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулду

News image

Күзөт кызматы жарандардын жана бизнес структураларынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды жана ишенимдүү механизмдерди колдонуп, өз кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнү улантууда

News image

Күзөт кызматынын Республика боюнча бардык түзүм бөлүмдөрүндө өздүк курамды кышкы формага өткөрүү боюнча саптык кароолор уюштурулду

Дареги : Бишкек шаары, Киев көчөсү 58 996702660805, 0312660805 so_mvd_kr@mail.ru
. 2025 © Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт Кызматы