Москва районунда «Санарип күзөт» борбору ачылды
2025- жылдын 13- ноябрында «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепсиясы жөнүндө» Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана ИИМдин Күзөт кызматынын талаптарын аткаруу максатында,Чүй облусунун Москва районунун Күзөт бөлүмчөсүндө «Санарип күзөт» борборун ачуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитов, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Жумгалбек Абиев, ардагерлер, ошондой эле Москва районундагы банктардын өкүлдөрү катышты. Ачылыш аземдин алкагында «Санарип күзөт» борборунун иштөө механизми көрсөтүлүп, кооптуу кырдаалда колдонулуучу «Коопту баскычы» басылып, ыкчам аракеттер тобу мындай учурда кантип жана канчалык ыкчам иш алып барары көрсөтүлдү. Катышуучулар топтун даярдыгына жана техникалык жабдууларга күбө болушту. Мындан тышкары, коопсуздук тармагында салымын кошкон ардактуу меймандарга жана кызматкерлерге ардак грамоталар тапшырылды. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы
13-11-2025 15:11
Жаңылыктар
Күзөт кызматынын бардык бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
30-11-2025 12:33
Күзөт кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулду
24-11-2025 18:16
Күзөт кызматы жарандардын жана бизнес структураларынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды жана ишенимдүү механизмдерди колдонуп, өз кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнү улантууда
18-11-2025 15:33
Күзөт кызматынын Республика боюнча бардык түзүм бөлүмдөрүндө өздүк курамды кышкы формага өткөрүү боюнча саптык кароолор уюштурулду
17-11-2025 13:27