Ош шаарында уурулук фактысы боюнча шектүү кармалды
2025-жылдын 10-ноябрында саат 04:29 чамасында Ош шаарындагы Мамыров көчөсүндө жайгашкан Батыш Күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган дүкөндөрдүн бириненде айгай белгиси иштеген. Окуя болгон жерге Күзөт кызматынын кармоо тобу тез арада жетип барган учурда, дүкөндүн эшиги бузулуп ачылганын жана имараттын ичинде белгисиз жаран жүргөнүн аныкташкан. Көрүлгөн чаралардын негизинде кармоо тобу кылмыш жасаган жерден качып кетүүгө аракет кылган шектүүнү кармаган. Текшерүү учурунда ал өзүн М.А.Р., 2001-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну катары тааныштырган. Дүкөндүн ээси менен биргеликте жүргүзүлгөн кароонун жүрүшүндө ар түрдүү моделдеги беш даана «iPhone» үлгүсүндөгү уюлдук телефондор жоголгону аныкталган. Телефондордун жалпы баасы болжол менен 100 000 сомду түзгөн. Жеке кароо маалында шектүүнүн жанынан дал ошол беш уюлдук телефон табылган. Бул факт боюнча материалдар Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын Тергөо кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле кармалган адамдын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы
10-11-2025 12:27
Жаңылыктар
Күзөт кызматынын бардык бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
30-11-2025 12:33
Күзөт кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулду
24-11-2025 18:16
Күзөт кызматы жарандардын жана бизнес структураларынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн заманбап ыкмаларды жана ишенимдүү механизмдерди колдонуп, өз кызматтарын сапаттуу көрсөтүүнү улантууда
18-11-2025 15:33
Күзөт кызматынын Республика боюнча бардык түзүм бөлүмдөрүндө өздүк курамды кышкы формага өткөрүү боюнча саптык кароолор уюштурулду
17-11-2025 13:27