Күзөт кызматынын кызматкери ADCC грэпплинг боюнча чемпионатта жеңишке жетиштип, 2026-жылы өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алды
2025-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кесипкөй спортчулар арасында ADCC грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. “Кесипкөйлөр (18+)” жаш курак категориясында жана 89,9 кг чейин болгон салмак категориясында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкери Эркинбек уулу Азатбек жеңишке жетти. Жогорку деңгээлдеги физикалык жана тактикалык даярдыгын көрсөтүп, Азатбек мелдештин бардык баскычтарынан ишенимдүү өтүп, 2026-жылы өтө турган ADCC Азия чемпионатында Кыргызстанды эл аралык аренада көрсөтүү укугуна ээ болду. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы
21-10-2025 16:17
Жаңылыктар
UNC
05-08-2026 06:07
NULL
05-08-2026 06:07
LONG
05-08-2026 06:07
2026-жылдын 26–28-январь күндөрү Стамбул шаарында коомдук жана жеке коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине арналган «Коопсуз Түркия — коопсуз дүйнө» аттуу эл аралык форум болуп өттү.
28-01-2026 12:58