Онлайн кайрылуу

“Коррупция түп тамыры менен жоюлсун!”- деди жетекчи

2025-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын 2025-жылдын 9 айындагы ыкчам-кызматтык жана уюштуруу-башкаруучулук ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитов, анын орун басарлары жана республиканын бардык аймактарындагы бөлүм жана бөлүмчөлөрдүн башчылары катышты. Жыйындын жүрүшүндө Күзөт кызматынын 2025-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, аткарылган иштер боюнча кеңири талкуу жүрдү. Анда, түзүм бөлүмдөрдүн милиция менен өз ара аракеттенүүсү, жарандардын батирлери менен жеке турак жайларын кайтарууга алуу, ошондой эле кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзам бузуу фактыларын алдын алуу жана ИИМдин коллегиясынын жыйынында берилген тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча иштерге өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана аларды алдын алуу чаралары талкууланды. «Ар бир жетекчи өз кызматкерлеринен мыйзамдуулукту так сактоону жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда жогорку жоопкерчилик көрсөтүүнү талап кылууга тийиш!» – деди башчы. Кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү тапшырмалар берилип, аларды аткаруу мөөнөттөрү так көрсөтүлдү. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Жаңылыктар

News image

UNC

News image

NULL

News image

LONG

News image

2026-жылдын 26–28-январь күндөрү Стамбул шаарында коомдук жана жеке коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине арналган «Коопсуз Түркия — коопсуз дүйнө» аттуу эл аралык форум болуп өттү.

Дареги : Бишкек шаары, Киев көчөсү 58 996702660805, 0312660805 so_mvd_kr@mail.ru
. 2026 © Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт Кызматы